Бүгүн, 18-февраль күнү Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде “Айдекс” жана “Навдекс” эл аралык көргөзмөсү өтүүдө. Ага ички иштер министри Улан Ниязбеков жетектеген Кыргызстандын делегациясы катышууда. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чара Жакынкы Чыгыштагы эң ири коомдук коопсуздук жана курал-жарак көргөзмөсү болуп саналат. Бул көргөзмө Абу-Дабиде эки жылда бир өткөрүлүп турат.
"Иш сапардын максаты Кыргызстандын ички иштер органдарынын ишиндеги оң тажрыйбаны андан ары интеграциялоо үчүн брондолгон унаалар, дрондор жана башка заманбап коргонуу технологиялары жаатындагы акыркы моделдерди, инновацияларды изилдөө болуп саналат", - деп айтылган маалыматта.
Белгиленгендей, көргөзмө 21-февралга чейин улантылат.