
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы мектеп окуучулары үчүн автобус берилди. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаев аталган айылдын жашоочулары менен болгон жолугушууда аймактагы балдарды мектепке жеткирүүдө коомдук транспорт маселе болуп жаткандыгын билдиришип, кошумча транспорт уюштуруп берүүнү суранышкан.
"Мэр ошондо берилген убадага туруп, бүгүн айыл аксакалдарына балдар үчүн автобусту тапшырды. Аталган автобус мектеп окуучуларын акысыз ташыйт", - деп жазылды мэриянын маалыматында.