Бүгүн, 18-февралда Ош облусунун Кара-Суу райондунуда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, иш аракеттерди УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы Ош облусунун ИИБи менен биргеликте ишке ашырган. Жалпысынан экстремисттик уюмдун 6 активдүү мүчөсүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлдү.
Анда 4 даана радикалдык-экстремисттик агымдагы китеп, уюмга тийиштүү 4 даана баракча, 2 бычак, 55 даана ар түрдүү диний адабияттар, 12 уюлдук телефон жана 1 ноутбук табылгандыгы маалыматта кошумчаланган.
Учурда тергөө иштери уланууда.