Жаз мезгилине келерине дагы саналуу күндөр калды. Учурда дыйкандар, багбандар жазгы талаа иштерине кызуу камылга көрүп жаткан чагы. Бул байланыштуу SUPER.KG порталынын "Пайдалуу кеңеш" түрмөгүндө шабдаалыны бутоо тууралуу сөз кылууну туура көрдүк.
Айыл чарба адистеринин айтымында, шабдаалыны бутоонун башкы милдети – мөмө байлоочу негизги бутактарга жакындатууда.
Шабдаалы өткөн жылы өнүп чыккан бутагында мөмө берет. Ошондуктан мөмө берүү менен бирге жакшы өсүү үчүн узарып кеткен бутактар жыл сайын кыскартылып турат. Каптал бутактарды эки бүчүргө кесүү керек. Жогорку бутактары жемиш байлайт. Ал эми төмөн жагында калтырылган эки бүчүрдөн эки бутак өсүп чыгат. Алардын жогоркусун узун, төмөнкүсү кыска бутоо зарыл. Мурунку жылы мөмө берген бутактар толугу менен кыркылат.
"Шабдаалынын дарагы картайып, майда түшүм бере баштаганда алардын өсүшүн жогорулатып, мөмө беришин калыбына келтирүү үчүн 3-4 жылдык бутактарын кыскартуу керек", - деп жазылат Айыл чарба министрлигинин маалыматында.