Депутаттык мандатын тапшырган Гүлшаркан Култаеванын ордуна "Ата Журт-Кыргызстан" партиясынан тизме боюнча кийинки талапкер Гүлсүнкан Жунушалиева депутат болуп келди.
Бүгүн, 18-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы депутатка күбөлүк жана төш белги тапшырды.
Белгилей кетсек, буга чейин Гүлшаркан Култаева ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткону маалымдалган.