Улуттук гвардия окуучуларга жоокерлер казармасын көрсөттү (сүрөт)

Бүгүн, 18-февралда Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө ачык эшик күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу мекемеден кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага аскер кызматчылар, 500дөн ашуун окуучулар катышты.

Анын жүрүшүндө окуучуларга жоокерлердин ашканасы жана казармасы көрсөтүлдү. Ошондой эле аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү өттү.

Иш-чаранын соңунда Улуттук гвардиянын ардак карooл ротасы курал менен көнүгүүлөрдү, атайын багыттагы батальонунун өздүк курамы кармап-урушуу ыкмаларын, ал эми аскердик оркестри өзүнүн атайын даярдалган дэфилесин көрсөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан