Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча эл аралык наркоканал уюштурушкан деп шек саналып 43 жана 44 жаштагы Ош облусунун тургундары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат аларды 5-февралда кармап, жашаган жерлеринде тинтүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада 43 жаштагы шектүүнүн үйүнөн салмагы 133,99 граммды түзгөн "Афган Чарс" баңгизаты табылган. Ал эми 44 жаштагынын үйүнөн 9 килограмм 793 грамм салмактагы "Афган Чарс" баңгизаты жана 1 килограмм белгисиз синтетикалык зат табылып, белгисиз затты аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Атайын кызмат шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" боюнча айып тагылып, Ош шаардык сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынганын кошумчалады.