Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча уюштурулган сынакка 279 жарандан 439 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин бүгүнкү, 18-февралдагы маалыматында айтылат.Эске салсак, былтыр 25-октябрда жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөртүлө тургандыгын айтып чыккан. Андан кийин 30-октябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берип, гимнди өзгөртүүнү колдой турганын билдирген.
Мындан улам 7-февралда Маданият министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча республикалык сынак жарыялаган. Ага композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша ала турганы айтылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык бериле турганы маалым болгон.