"Жийиркеничтүү майрам". Марипов 14-февралды майрамдоого тыюу салуу керектигин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Марипов 14-февраль Ыйык Валентин күнүн майрамдоого тыюу салуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-февралда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда айтты.

"14-февралды Валентин күнү деп коёт. Ушул майрам өзгөчө мектептерде катуу белгиленип жатыптыр. Тарыхын карап көрсөк, бул эркек эркекке сүйүүсүн арнаган майрам экен да. Бул жийиркеничтүү майрам экен. Ошондуктан ушундай майрамдарды токтотуш керек", - деди Марипов.

Ошондой эле ал 23-февраль, 8-март өңдүү майрамдарда мектептерде акча чогултуу болуп жатканын белгилеп, мындай майрамдарды өткөрүүдө мектеп менен жогорку окуу жайларда чектөө киргизүү керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 18.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан