Борбор калаадагы абаны тазалоо жана жашылдандыруу үчүн жалбырактуу дарактарда отургузуу зарыл. Мындай пикирди Бишкек мэриясы билдирди.
Мэрия шаарды жашылдандыруу максатында отургузуу үчүн бак дарактардын айрым түрлөрүн сунуштап өттү.
Алар: карагач, глядичия, эмен, клен, липа сыяктуу жалбырактуу дарактар жана бадал өсүмдүктөрү.
"Бүгүнкү күндө жалбырактуу дарактар ийне жалбырактуу дарактарга караганда бир катар олуттуу артыкчылыктарга ээ. Биринчиден, алар абаны тазалоочу табигый чыпкалар катары кызмат кылат, ысык мезгилде айлана-чөйрөнүн температурасын төмөндөтүүгө жардам берет жана өтө жөнөкөй", - деп жазылат мэриянын маалыматында.
Ошону менен катар борбор калааны жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө салым кошууну каалаган шаар тургундары "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасына кайрылса боло турганын кошумчалаган.
Дареги: Ташкент көчөсү, 17. Маалымат алуу үчүн телефон номуру: 0551 143 96.