Өлкөдөгү канча мектепте видеокамералар орнотулган? Министрликтин жообу

Өлкөдөгү 1848 мектепте (80%) видеокамералар орнотулган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн, 18-февралда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, дагы 17 билим уясында камералар орнотулуп жатса, 267 чакан мектепте камералар жок.

Талкуу учурунда комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков соңку учурда мектеп окуучуларынын өлүмү менен коштолгон окуяларга токтолуп, мамлекеттик органдардын укук бузуулардын алдын алуу ишинин натыйжасыздыгын сынга алды.

“Акыркы бир жарым айда бир нече окуучулар каза болду, бул чоң кайгылуу окуя. Мамлекеттик органдар алдын алуу иш аракеттерин алып баруусу керек болчу. Бирок баары формалдуу отчёт беришип, реалдуу иш жок, кайгылуу окуялар орун алды”,- деди Өмүрзаков.

Депутат бардык мамлекеттик органдарды бул багытта активдүү иш алып барууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан