Бүгүн, 18-февралда Ош шаарындагы Моминова көчөсүндө жайгашкан №12 кесиптик лицей аркылуу Өскөналиев көчөсүн байланыштырган жолду ачуу иштери башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы жол Ош мамлекеттик университетинин №12 кесиптик лицейинин короосунан өтүп, Рыспай Абдыкадыров көчөсүндөгү унаа каттамын жеңилдетет.
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков шаар ичиндеги унаа тыгындарын жоюуга багытталган долбоор калаа тургундарына бир топ жеңилдиктерди алып келерин белгилеп, демилгени колдоду. Мэр Жеңишбек Токторбаев жеринде тиешелүү кызматтарга жолду ачуу боюнча тийиштүү иштерди аткаруу тапшырмасын койду.