"Биягын өзүм жайлайм". Жеңишбек Токторбаев Оштун тургундарына кандай убадаларды берди? (Видео)

Бүгүн, 18-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жапалак айыл аймактык башкармалыгына караштуу Жолон Мамытов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 1,4 гектар жер тилкесин жана үстүндөгү толук аяктай элек курулушту көрүп чыгып, аталган аймактын жашоочулары менен жолугушту.

Мэр жергиликтүү тургундарга аталган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарып алынгандыгы, мектеп катары пайдалана тургандыгы жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле билим ордосунун долбоору даярдалып, жакынкы күндөрү акча каражаты чечилерин, имарат толук оңдолуп-түзөлгөн соң 1-сентябрда пайдаланууга берилерин билдирди.

"Урматтуу аксакалдар, сиздер колдоп, кубаттап, бата берип турсаңыздар. Чарбалык иштерди мага коюңуздар, мен биягын өзүм жайлайм. Азыр өтүктү дагы чечпей жатам. Чарбалык иштерди кичине тартипке келтирип алалы, Кудай буюрса, костюм-шымды киебиз. Ош шаарында 1 жылдын ичинде көзгө көрүнө турган жыйынтыкты көргөзөбүз.

Урматтуу туугандар, азыр бизге мүмкүнчүлүк келди. Урматтуу президентибиз Садыр Жапаров "Ошту оңдогула!" деди. Акчаны берейин деп атат. Урматтуу генералыбыз Камчыбек Ташиев мынакей, акчаны берейин деп атат. Шаар бир аз каралбай калыптыр, силер менен биргеликте шаарды оңдойбуз", - деди Токторбаев.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан