Касымалиев Венгриянын элчиси менен кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселесин сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 18-февралда Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өскөнүн белгилешип, бирок Кыргызстандын продукциясын Венгриянын рыногуна экспорттоону активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Касымалиев "Кыргызстан Венгрияны Европага терезе катары карай турганын, ал эми Венгрия Кыргызстанды Кытайга дарбаза катары карай алаарын" белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун стратегиялык маанисин баса белгиледи.

Мындан тышкары кыргыз жарандарынын Венгрияга эмгек миграциясы, атап айтканда, Венгриядагы кыргызстандыктарды ишке орноштуруу жана социалдык адаптациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери көтөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан