
ӨКМдин маалыматына караганда, Токтогул районундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды.
Билдирүүдө маалымдалгандай, чектөө бүгүн, 19-февралда саат 8:00дө алынган.
Айта кетсек, кечээ, 18-февраль кечинде бороонго байланыштуу "Арал" постунда убактылуу чектөө
киргизилген болчу.