Ошто Орусиянын 22 жаштагы жараны кармалды (виедо)

Ош шаарында Орусиянын 22 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Instagram жана TikTok социалдык тармактарында фейк аккаунт аркылуу террористтик уюмдарга тийиштүү болгон материалдар таратылып жатканын аныкташкан. Бул боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, материалдар өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган ИШИМ - Ирак, Шам Ислам мамлекети (Игил) террористтик уюмуна таандык экендиги такталган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

19.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан