Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламенттик жана президенттик шайлоо өз убагында боло турганын билдирди.
Төрага "күзүндө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт экен" деген кептерди четке кагып, шайлоо өз убагында боло тургандыгын айтты.
"Коомчулукта "күзүндө парламент тарап, мөөнөтүнөн мурда кезексиз шайлоо болот экен" деген сөздөр болуп жатат. Мунун баары куру сөз. Мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбойт. Баса белгилеп кетким келет, шайлоо кийинки жылы өз убагында өтөт. Бир күн же бир ай дагы мурун болбойт. Парламенттик шайлоо дагы, президенттик шайлоо дагы өз маалында өтөт. Мен расмий түрдө коомчулукка кайрылуу кылып коёюн. Буюрса, кыргыз эли үчүн бүгүнкү XII чакырылыштын депутаттары дагы бир жарым жыл кызмат кылат", - деди төрага.