"Ишенбеңиздер". Жанар Акаев Жогорку Кеңештен элге кайрылуу жасады

Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-февралдагы жыйынында депутат Жанар Акаев телефон шылуундары тууралуу маселени айтып, ага карата көрүлгөн чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Айтымында, шылуундар депутаттардын, өкмөт мүчөсүнүн атын жамынып, эл өкүлдөрүнө, ишкерлерге кат жөнөтүп жатат.

"Биздин бир топ абройлуу депутаттарыбыз: Чолпон Аалыевна, Улан Примовдун, Министрлер кабинетинин мүчөсү Бакыт Төрөбаевдин атынан депутаттарга, анын ичинде ишкерлерге СМСтер барып жатыптыр. Каражат маселеси, ишкердик, ар кандай келишимдер боюнча. Элге кайрылат элем, ошондой маселелер болсо эч кимге ишенбеңиздер. Мунун баары телефон алдамчыларынын жасап жаткан жумушу", - деди Акаев.

Депутат президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, тиешелүү кызматтардын телефон шылуундары менен күрөшүү ишин күчөтүүсүн суранды.

19.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан