Кыргызстандык бир тууган сноубордингчилер Алексей жана Павел Вакуриндер 10-12-январь аралыгында Андоррада өтүүчү Дүйнө кубогуна катышышат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча Эл аралык федерациянын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар сноуборд-кросс категориясы боюнча жарышка түшүшөт. Мелдешке 22 өлкөдөн 80ден ашуун спортчу катышат.
Эске салсак, бул жарышта “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасына жолдомо ойнотулат.