Ысык-Көлдө мугалим окуучу кызды спорт залда асынган абалда тапкан. Кыз 9 күндөн кийин каза болду

Жети-Өгүз районунда 17 жаштагы окуучу кыз өз өмүрүнө кол салып, каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-февралда Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 5-февралда Барскоон айылындагы орто мектептин спорт залында болгон. Анда дене тарбия мугалими өспүрүмдү темир турникке асынып турган жеринен тапкан. Ал дароо кызга биринчи жардам көрсөткөн жана "Тез жардам" кызматын чакырган. Натыйжада окуучу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тилекке каршы, окуучу кыз 14-февралда Бишкек шаарындагы ооруканада каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан