Жогорку Кеңештин бүгүн, 19-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектеги коммуналдык кызматтар үчүн тарифтин баасын арзандатууну сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, 2024-жылы бир нече коммуналдык кызматтардын тарифи кымбаттаган. Мындан улам коммуналдык чыгашалар үчүн ишкерлер, шаар тургундары чоң суммадагы акча каражаттарын төлөп жатышат.
"Мага шаар тургундары кайрылып жатат. Былтыр бир топ тарифтер: лифт, ысык суу, муздак суу, таштанды чыгаруу, электр энергиясы кымбаттады. Жарандар өтө эле кымбат болуп жатат дешүүдө. Өзгөчө жылуулукка көңүл бурат элем. Мен өткөн жумада ишкерлер менен жолуктум, керек болсо жылуулуктан баш тартабыз деп жатышат. Алар "40-50 миң сом төлөп жатабыз" дешти. Жарандарга чын эле оор болуп калды. Мен учурда коммуналдык чыгымдар кантип эсептелинип жатканына анализ кылып чыгууну суранат элем. Канча жаран төлөмдөрдү төлөп, канчоосу төлөй албай жатат мунун баарын карап чыгуу керек. Чын эле тарифтерди өтө эле кымбаттатып жибердикпи? Буларга анализ жасоо керек. Жок дегенде бир аздан түшүрүү керек", - деди депутат.