Кошуна өлкөдө издөөдө жүргөн жаран Баткенде иштеп жүргөн жеринен кармалды

Сүлүктү шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн кошуна мамалекеттин 43 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү өз мекенинде издөөдө жүргөнү аныкталган. Ал Кыргызстанга кирүү үчүн да мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголуп, кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталууда. Облустук милиция ал кайсы өлкөнүн жараны экенин тактаган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан