"Эки эсе ашык". Депутат Сурабалдиева жылууук тарифинде айырмалычылыктар бар экенин айтты

Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева жылуулук тарифинде айырмачылыктар бар экенин билдирди.

Ал бул боюнча Чүй облусунун Беловодск айылынын тургундары арызданганын айтты.

"80 чарчы метрден ашкан үйлөрдө 10 миң 894 сом болуптур. Ошол эле учурда Бишкекте болсо 5 миң 998 сом болуптур, ошондо эки эсе ашык чыгып жатпайбы. Муну өкмөт энергетика министри менен тактап чыкса. Айылда бардыгы эле жеке турак жайларда жашайт да. Кыргыздар качан эле 30 чарчы метр үй салып калышты эле. Алар мага чыгып келген тарифтин бааларын жөнөтүп жатышат. "Мына өткөн кышта 8 миң төлөсөк, азыр 21 миң, 34 миң төлөп жатабыз" дешүүдө. Баары кымбаттап жаткан учурда бул туура эмес. Буга Энергетика министрлиги көңүл бурушу керек", - деди Сурабалдиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан