25-26-январь күндөрү Бишкектеги “Дордой” спорт комплексинде каратэ-до боюнча 7-ирет уюшулуп жаткан “Кейхацу” клубунун кубогу үчүн мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалым болгондой, мелдеште жаштар жана өспүрүмдөр арасында бир катар салмактар боюнча беттештер өткөрүлөт. Анда жекеликте жана командалык эсепте жеңүүчүлөр аныкталат.