Бишкекте айдоочуларга бир эле жерден 2 сааттын ичинде 180 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги Анарбек Бакаев көчөсүндө каршы тилкеге чыккан айдоочуларга айып пул салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы маалымдады.

Социалдык тармактарда эртең мененкисин бул көчө менен каршы тилкеге чыгып айдаган айдоочулар көп болуп жатканы жарыяланган. Мындан улам МАИ кызматкерлери эртең менен аталган көчөгө чыгышып, эки сааттын ичинде эле 180 миң сом айып пул салышкан.

Белгилей кетсек, эртең менен тыгында дал ушул Анарбек Бакаев көчөсү менен түндүктү көздөй айдаган айдоочулар көп каршы тилкеге чыгышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан