Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова "балага сүйүнчү" жөлөк пулун көбөйтүүнү сунуштады.
"2018-жылдан баштап төрөлөгөн балдарга бир жолку сүйүнчү 4 миң сомдон берилип жатат. Бул сумманы көбөйтүүнү сунуштайм. Азыр инфляция, бала багуу чыгымдары аябай кымбаттады. Өкмөт ушуну бир карап чыкса, маселе боюнча туура чечим чыгарсак", - деди ал.