Айсулуу Мамашова мамлекеттик кризистик борбор дагы деле ишке кире электигин айтты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова парламенттин бүгүнкү, 19-февралдагы жыйынында өлкөдөгү кризистик борборлор тууралуу маселе көтөрдү.

Депутат зордук-зомбулукка кабылган аялдарды кабыл алган кризистик борборлордун иши маанилүү экенин айтып, алар мамлекеттин колдоосуна муктаж болуп турганын белгиледи.

"Кризистик борборлор мурун чет элдик донорлорго көз каранды болчу. Акыркы учурдагы саясатка байланыштуу алар дагы тышкы донорлордон баш тартып, көптөгөн каражаттарга муктаж болуп жатат. Аткени дээрлик бардык кризистик борборлор ижарада отурат", - дейт депутат.

Эл өкүлү Ош облустук кризистик борборуна аялдар батпай жатканын айтып, ага калаа мэриясы жана облустук өкүлчүлүк колдоо көрсөтпөй жатканын кошумчалады.

"Биз кризистик борборлорду сөзсүз түрдө колдошубуз керек. Аткени зордук-зомбулукка кабылган аялдардын башка бара турган жери таптакыр жок. Мамлекеттик эч кандай мекеме жок. Ошондуктан кризиктик борборлорго көбүрөөк каражат бөлүнүшү керек", - деди ал.

Мындан тышкары Мамашова Бишкекте мамлекеттик кризистик борбор былтыркы жылы жазында ачылып, бирок али күнгө чейин ишке бериле электигин билдирди.

"Бардык жабдуулары даяр. Бирок эмнегедир дагы деле бюджеттен акча бөлүнбөй, мамлекеттик кризистик борбор ишке кире элек", - деп айтты эл өкүлү.

19.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан