"Кооптуу". Камила Талиева Бишкектеги ветеринардык лабораторияны шаардын четине көчүрүү керек экенин айтты

Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын борбордук лабораториясын Бишкек шаарынын четине көчүрүү сунушун айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, лаборатория калаанын ортосунда болгондуктан, элдин ден соолугуна кооптуулук жаратууда.

"Айыл чарба министрлигинде чечилбей жаткан маселелер көп. Былтыр борбордук лабораторияны текшерип барганда бир топ көйгөйлөр айтылган. Аталган лаборатория Бишкек шаарынын так ортосунда жайгашкандыктан, элдин ден соолугу үчүн кооптуу. Биз бул лабораторияны шаардын четине көчүрүү керек деген маселени көтөрдүк эле, бирок ошол боюнча чечилбей турат.

Ошондой эле алардын жумушу дагы канааттандырбайт. Кыргызстандагы бардык мал союучу жайлардын тазалыгы жакшы эмес, санитардык талаптарга жооп бербейт. Эмне үчүн бруцеллёз, эхинококкоз көбөйүп жатат? Эт азыктарына көзөмөлдү күчөтүү керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан