Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров акыркы 3 жылда инфляциянын өскөнүн белгилеп, эмгек акынын көлөмүн көтөрүүнү сунуштады.
"Айлыктарды ошого карата карап чыгыш керек. Мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгын көтөрүү керек. Бул боюнча Финансы министрлигине тапшырма берсек, инфлацияны эске алуу менен эсептеп, айлык маселесин иретке келтирсин", - деди эл өкүлү.