Ички иштер министри Улан Ниязбеков Дубай полициясынын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен бүгүн, 19-февралда кабарлашты.
Анда кабарлангандай, 18-февралда өткөн жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.
"Эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын далили катары туризм, окутуу, социалдык-маанилүү иш-чараларды өткөрүү чөйрөсүндө жана мамлекеттерибиздин өз ара мамилелерин өнүктүрүү жана бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн – коопсуздуктун ишенимдүү жана натыйжалуу механизми зарыл экени айтылды", - деп жазылат анда.
Ошондой эле тараптар укук коргоо органдарынын ортосундагы достук, көп кырдуу кызматташууну баса белгилешти.