Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуш компанияларынын объектилерин текшерип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Анда курулуш компаниялары колдонгон техникалардын дөңгөлөктөрүн жуу үчүн атайын жабдуулар орнотулгандыгы текшерилген.
Иш-чаранын негизинде эрежени сактабаган бир катар курулуш компанияларга мыйзамга ылайык чаралар көрүлүп, жабдуулар орнотулганга чейин көзөмөлгө алуу тапшырмасы коюлган.
Ошону менен катар объектинин аймагында сууну орунсуз пайдалангандарга дагы айып пулдар салынары кошумчаланды.