Бишкекте өспүрүм кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган айдоочу кармалды 

Бишкекте жашы жете элек кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 16-февраль күнү саат 12:00 чамасында болгон. Анда 17 жаштагы айдоочу Салиева-Кантемиров көчөлөрүнүн кесилишинде Нива үлгүсүндөгү унаасы менен 2013-жылы туулган жашы жете элек кызды сүзүп кеткен. Кыз алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылган.

Милициянын ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында айдоочунун өздүгү такталып, кармалган. Ал эми унаасы унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Бишкекте өспүрүм кызды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган айдоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2025-02-19 22:08:00
Кудай сактасын өзү
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан