Кыргызстандык депутаттарды түркиялык кесиптештери кандай тосуп алышты? (Сүрөт)

Стамбул шаарында Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетининин тѳрагасы Улан Примов Түркиянын Улуу Улуттук жыйынын Эл аралык иштер боюнча комиссиясынын тѳрагасы Фуат Октай менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканы белгиленди.

Ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болуп, эки өлкөнүн жарандарынын Кыргызстан менен Түркиянын аймагында болуусуна байланышкан жагдайлар, ишкерлер арасындагы диалогду арттыруу маселелери да талкууланды.

Белгилей кетсек, Түркияга Примов менен бирге депутаттар Ырысбек Атажанов, Миргүл Темирбаева жана Кубанычбек Самаков барган. Алар Түрк мамлекеттеринин парламенттеринин тышкы иштер комиссияларынын II жыйынына катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан