УКМК Бишкекте ЖОЖдун окутуучуларына иш козгоду

Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) билим берүү ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө ЖОЖдун айрым окутуучулары финансылык пайда табуу максатында окуу мезгилинде Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөн чет өлкөлүк студенттерге акчалай сыйлык үчүн экзамендик журналдарына жана башка тийиштүү кагаздарга тиешелүү бааларды коюп беришкен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин (Кызматтык жасалмачылык) 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Учурда аталган ЖОЖдун окутуучулары С.У. жана А.А.дан эч жака кетпөө жөнүндө тил кат алынып, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан