Талас облусунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелери кайтарылды. Бул туурасында кечээ, 19-февралда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирип, облустук прокуратура органдары тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча текшерүү болгонун кошумчалады.
Маалымдагандай, анын алкагында Талас шаарындагы облустук тиш дарылоо бейтапканасына таандык болгон жер тилке, кампа курулмалары жана Манас районунун Семетей айыл өкмөтүндөгү 0,27 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын негизинде жалпы 11 миллион 366 миң 840 сомдук жер тилкелери жана курулмалар муниципалдык менчикке кайтарылды.