"182 сомго сатабыз". "Манас" аэропорту жүктөр жоголду делген маалымат калп экенин айтты

“Манас” аэропортундагы жоголгон жүктөрдү 182 сомго сатабыз” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, социалдык баракчаларда айтылган маалыматтар фейк аккаунттар аркылуу тарап жатат. Андыктан кыргызстандыктарды алданып калбоого чакырышууда.

“Манас” эл аралык аэропорту жана Кыргызстандын башка аэропорттору мындай сатуу иштери менен алектенбейт. Шектүү шилтемелерге кирүүдөн баш тартып, белгисиз эсептерге акча жөнөтпөңүздөр”, - деп билдирген "Манас" аэропортунун маалымат кызматы.

Айта кетсек, Фейсбук баракчасында жоголгон багаждар сатылып жаткандыгы боюнча маалыматтар тараган. Анда жарнамадагы баскычты басып, онлайн буйрутма берсе боло тургандыгы айтылган. Ошондой эле жеткирип берүү да бар экендиги кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан