Милиция "Азия Моллдо" бомба бар деп жалган айткан адамды кармады

Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 19-февралда болжол менен саат 20:03 чамасында 102 кызматына эркек адам телефон чалып, Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан соода борборунда бомба коюлганын, ал аз убакытта жарыларын билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иш-чаралардын жүрүшүндө, бомба тууралуу жалган айткан 1991-жылы туулган А.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал айткан соода борбордо кинология кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, кандайдыр бир жардыруучу заттар табылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан