Милиция кыздын жылаңач сүрөттөрүн таратарын айткан чачтарачты иш үстүндө кармады (видео)

Бишкек шаарында опузалоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-январда милицияга бир кыз кайрылып, социалдык тармактан таанышкан жигиттин үстүнөн арыз жазган. Кыз ал жигит "интимдик сүрөттөрүңдү таратам" деп коркутуп, 20 миң сом талап кылып жатканын айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалган жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция шектүүнү кармоодогу видео менен да бөлүштү. Анда спецназдар чачтарачканага кирип барып, шектүүнү иш үстүндө кармаганын көрүүгө болот. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бишкекте спецназ чач тарачты иш үстүндө кармады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ma2as
2025-02-20 13:36:00
Милиция кыздын , жээ Милиция - бир кыздын ? Супер инфо .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан