Быйыл "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм үчүн 57 миллиондон ашык акча бөлүндү

Быйыл "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм үчүн 57 миллиондон ашык акча каражат бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-февралдан тарта 14 миң 346 бала 57 миллион 522 миң сом менен каржыланган. Анын ичинен үч же андан көп төрөлгөн 3 балага 150 миң сом төлөнүп берилген. Ал эми былтыр 14 миң 835 балага 59 миллиондон ашык акча каражаты бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдүн өлчөмү 4 миң сомду түзөт. Ал ар бир балага төлөнөт. Ал эми бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда, "балага сүйүнчүнүн" өлчөмү 50 миң сомду түзүп, ар бир балага берилет.
Сүйүнчү акчасына арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек. Арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылуусу зарыл. Аталган акча каражатын алуу үчүн өзүңүзгө таандык жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн болуусу тийиш.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан