Өзбек футболчусу Абдукодир Хусанов Чемпиондор Лигасынын тарыхына кирди

Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубунун өзбекстандык коргоочусу Абдукодир Хусанов Чемпиондор Лигасынын тарыхында плей-офф басыкычындагы оюндарда старттык курам менен дебюттук оюнга чыккан 21 жашка чейинки эки оюнчунун бири болуп калды.

Хусанов Испаниянын борборунда "Реал Мадридге" каршы оюнда Чемпиондор Лигасында дебют кылды. Ал дебюттук оюнунда эле старттык курам менен талаага чыкты. Бул учурда өзбек футболчусуна 20 жаш 356 күн болгон.

Анын алдында ушундай эле жетишкендикке 2014-жылдын март айында "Шальке 04" клубунун оюнчусу Каан Айхан жетишкен. Ал дагы Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычында дебюттук оюнуна старттык курам менен чыккан. Ошол учурда ага 19 жаш 128 күн болгон.

Оюндун өзү 3:1 эсебинде "Реал Мадриддин" жеңиши менен аяктап, мадриддик команда 1/8 финалга жолдомо алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан