Бишкекте Киев көчөсүндөгү имараттардын биринин дааратканасынан ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул туурасында Ленин РИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, түйүлдүккө 5 же 6 айдын жүзү болгон.
Райондук милиция 2000-жылы туулган шектүү кызды Кара-Балта шаарынан кармалгандыгын билдирип, тергөөгө жеткирилгендигин кошумчалады.
Учурда экспертиза дайындалып, иликтөө иштери уланууда.