Оштун көчөсүндө Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынан кийин тротуар салына баштады

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин рейддик кыдыруусунда берген тапшырмасына ылайык, Исхак Раззаков көчөсүндө туурасы 3 метр, жалпы узундугу 2 чакырымдан ашык аралыктагы тротуарды куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Шаар башчысы буга чейин тиешелүү кызматтарга аталган көчөнүн боюнда жайгашкан мыйзамсыз тосмолорду, курулуштар алып салуу менен бирге, тротуарларды куруу боюнча тапшырмаларын койгон.

"Жолдун бул тарабында тротуар болгон эмес. Мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана иретке келтирүү менен тротуар курууга мүмкүнчүлүк жаралды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан