Бүгүн, 20-февралда Ош шаарынын мэриясында шаарда сатылып жаткан эттин баасын арзандатуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалымдалгандай, ага Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Мурат Иманкулов, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жана Ош шаарындагы эт сатуучу жайлардын ээлери катышты.
Мурат Иманкулов этке болгон бааны көтөрүлүшү жарандарга оордук алып келээрин айтып, 20-30 сомго арзандатууну сунуштады.
Жыйында касапчылар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алардын ой-пикирлери угулуп, бодо малдын эти 630 сомго чейин, ал эми кой этин 640 сомго чейин гана сатылуусу белгиленди.