"Эртең менен Франциядан, түштө Италиядан тамактануу кыялым болчу". Европада фура айдаган кыргыз жигити менен маек

SUPER.KG порталы чет өлкөдө эмгектенген мекендештердин жашоо-турмушу менен тааныштырууну улантат. Бул жолку чыгарылыштын каарманы учурда Европада жүк ташуучу унаа айдап иштеп жаткан Бектемир Канатбек уулу болмокчу.

Бектемир Канатбек уулу 2001-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Дөң-Алыш айылында туулган. Чүй облусунун Новопавловка айылындагы №1 мектеп-лицейин аяктаган. Кесиби журналист. Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Кесибиңиз менен иштебей, Европага барып калышыңызга эмне себеп болду? Турмуштук жагдайлар түрткү болдубу?

– Жок, турмуштук жагдай деп айтпайм. Эң негизги себеби кыялым десем болот. Өзүм эл-жер көргөнгө, башка өлкөлөрдүн өзгөчөлүгү, маданияты менен таанышууга ынтызар болчумун. Эгер мен Европага чындап иштеш үчүн келсем, анда башка деле жумуштарга орношмокмун. Атайын көп өлкөлөрдү кыдыруу үчүн ушул жүк ташыган унаа айдоочусу болуп келүүгө 3 жыл аракет кылгам. Анткени менде эртең менен Франциядан, түштө Италиядан, кечинде дагы башка мамлекеттен тамактансам деген кыял бар болчу. Ошентип үчүнчү курста айдоочулук күбөлүгүмө "С" жана "Е" категорияларын коштуруш үчүн унаа мектебинде окуп, экзамен тапшырдым. Андан соң документтерди чогултуп, Литва өлкөсүнө визага тапшырдым. Тилекке каршы, ал катерияларды алгандан кийин кем дегенде 6 айлык тажыйырба болушу шарт экен. Андыктан убакыт өткөрүп, 2023-жылы февраль айында дагы бир литвалык компанияга тапшырып, 6 ай күттүм, бирок ал жак кабыл албай койду. Анан словакиялык компания аркылуу Словакия өлкөсүнө визага тапшырдым. Виза 1 жылга жакын аралыкта чыкты. Ошентип былтыр август айында Словакияга учуп келдим. Бул жактан да Трнава шаарында документтер даяр болгуча 2 жарым ай жатып калдым. Анан бир айдай башка айдоочунун жанында тажрыйба топтогондон кийин мени өзүнчө бир фурага отургузушту.

Жогоруда 3 жыл убакыт күттүм деп калдыңыз, жакындарыңыздан колдоо болду беле?

– Жок. Ата-энем, жакындарым каршы болушкан. Алар мени өз кесибим менен Кыргызстанда иштешимди каалашкан. Досторум болсо мен улам-улам башка жаңы компанияларды таап, документтеримди тапшырып жүргөндө "ушу сен кетпей калдың го" деп тамашалай беришчү. Жолуккан сайын "ии, европеид, кандай анан?" деп калышчу. Бирок мен ансайын күчөдүм да (күлүп). Бул жакта 3 айдай документтерим даяр болгуча "Кыргызстанда эле иштей берсем болмок экен" деп досторумдун тамашаларын эстеп жүрдүм.

Анан кыял кылып барган өлкөлөрдүн канчасын кыдырдыңыз? Кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

– Биздин фирманын Италияда жана Словакияда кеңсеси бар. Негизи жүктү Италиядан алабыз. Ал жактан жүк жүктөгөндөн кийин фирма тапшырган шенген аймагына кирген Европанын башка өлкөсүнө жеткиребиз дагы, ал жактан кайра Италияга жүк жүктөп келебиз. 15тей өлкөнү кыдырдым. Бизде жумуш 5 күн болгондуктан дем алыш күндөрү кайсы жерге жетсек, фураны ошол жакка токтотуп эс алабыз. Анан көргүм келген шаарларга жакын токтогонго аракет кылам. Чукулда Парижге жакын токтоп, 2 күн шаарды кыдырып чыктым. Европанын кайсы шаарын кыдырбайлы, атайын мусулмандардын ашканаларынан тамактанабыз. А көбүнчө соода кылып, фуранын ичинен эле тамак даярдап жемей. Кээде жүк Римден Барселонага чыгып калат. Анда фирма бизди фурабыз менен чогуу чоң круиз кемесине салып, Жер Ортолук деңизи аркылуу жөнөтөт. Бир суткадан ашык убакытта жетебиз да, анан ошол учурда эс алууга жакшы мүмкүнчүлүк жаралат. Таң калганым, жүктүн көбү таштанды болот экен. Европада таштандыны кайра иштетүү өнүккөнү ушунда, бир өлкөдөн бир өлкөгө маанилүү жүктөй эле ташыйбыз.

Мен байкаган өзгөчөлүктөр арбын эле болду. Кызыгы, өз тилдерин жакшы баалашат экен. Англис тили дүйнөлүк тил дегенибиз менен, италиялыктар италиянча, немистер немис тилинде, француздар өз тилинде, керек болсо батыштын кичинекей өлкөлөрү дагы мамлекеттик тилдеринде сүйлөшөт. Мен англис тил курстарын окуганым менен, азырынча пайдаланганга муктаждык жарала элек. Жаңсоолор менен эле түшүнүшүп коюп жүрөм. Элинин жөнөкөйлүгү жакты. Кандай кийинип жүрөсүң, кайсы жактан келгенсиң, аларга маанилүү эмес, сени дагы бир жеке инсан катары көрүшөт. Мигранттарга карата басмырлоо жок. Ошол эле биз жүк алууга барган заводдун чоң кызматында иштегендери чыга калып, унаа токтотууга жардамдашат. Дагы бир өзгөчөлүгү – үнөм менен жашашат экен. Ошол эле биз кыялданган немистин кымбат унаалары Германияда айдалбайт деле. Көбү кичинекей көлүктөр менен жүрүшөт. Анан чоң шаарлары эле түздүккө салынганы болбосо, чет жакасындагы айылдар, шаарчалар тоолорго салыныптыр. Анткени түздүктөрдү иштетишет экен.

Жолдо жүрүп кандай окуяларга туш болдуңуз?

– Франция менен Испанияга мыйзамсыз качып киргендер көп болгондуктан уурулук да көп болот. Фурага кирип, карталарды уурдап, андагы акчаны чыгара албагандыктан соода кылуу аркылуу колдонуп коюшат. Мен да мындай окуяга Марсель шаарынан туш болгом. Түштөрдө фураны бекитип, жарым саат жеке иштерди бүтүрүм келгем. Ал күнү эч нерсе деле байкаган эмес болчумун. Эртеси күнү май куюучу жайга келип, төлөйүн десем картам иштебей калды. Көрсө, мен айдаган фуранын эшигин ачып киришип, картамды алмаштырып кетишиптир. Ошентип диспетчер менен байланышка чыгып, жагдайды түшүндүрүп, картамды бөгөттөткөм. Бирок бир күн аралыгында эле бир канча суммада акчамды колдонуп салышыптыр. Бөгөттөгөндөн кийин мага жаңы карта жасатып беришти. Угушума караганда, фура айдоочулары эс алып жатканда уктатуучу газ чачып, акчаларын уурдап кеткен учурлар дагы болот экен.

Алдыда кандай пландарыңыз бар?

– Мен бир кыялымды ишке ашырып жатам. Эми бир жылдан кийин өз өлкөмө барып, кеч болсо дагы кесибиме кайтып, журналистика чөйрөсүнө аралашсам дейм. Мындан башка дагы алдыда көп пландарым бар. Бирок, туура көрсөңүз, аларга токтолбой эле коёюн. Кези келгенде ишке ашып калар деп үмүт кылып жүрөм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан