Билим берүү жана илим министри Догдургул Кендирбаеванын иш сапарларынын узактыгы жана мүнөзү рационалдуу эмес. Бул туурасында президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Осмонов билдиргенин президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады.
Осмонов билим берүү министринин өткөн жылы жасалган айрым иш сапарларында конкреттүү жыйынтыктар жоктугун айтып, сындады.
"Догдургул Кендирбаева 2024-жылда 10 эл аралык иш сапар жасаган. Алардын жалпы узактыгы 32 иш күндү түзүп, бул жумуш убактысынын 16,8 пайызын камтыйт. Мисалы: Австрияга болгон 8 күндүк иш сапар өтө эле узак. Билим берүү тармагын санариптештирүү жана кыргыз-кытай университетин түзүү боюнча конкреттүү жыйынтыктар жок. “Болочок үчүн билим берүү” долбооруна 200 миллион доллар тартуу маселеси дагы эле талкуу стадиясында турат. Министр 2024-жылдын 18‒24-майында 6 күндүк Улуу Британияга иш сапарга барган. Ал жерде сапар 400 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты окуу китептерине тартуу жана министрликке кошумча каржылоо маселелерине багыт алган. Бирок иш сапар боюнча отчёт анализденип, белгиленген максаттар ишке ашпагандыгы анык болду", - деп билдирген бөлүм башчысы.
Белгилей кетсек, бүгүн, 21-февралда "Ынтымак ордодо" президенттик аппараттын коллегиясы өтүүдө.