"Кызмат" мекемесинин директорунун орун басарлары дайындалды

Президенттин иш башкармасынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директорунун биринчи орун басары болуп Азамат Жапаров дайындалды. Бул боюнча мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Ал эми Нурлан Айдиев жетекчинин IT багыты боюнча орун басары болсо, Эрнес Досалиевге директордун орун басары милдети жүктөлдү.
Ага ылайык, жаңы дайындалган жетекчилерди эмгек жамаатка президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков тааныштырды.
«Кызмат» мекемеси – мурдагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен Калкты каттоо департаментинин укуктук мураскери. Анын негизги максаты санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан