Бишкекте “Буллингге жол жок” аталышындагы форум өттү

Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Буллингге жол жок” аталышында форум өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 21-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, форум окуучулар үчүн коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жана зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга багытталган.

Иш-чарада спикерлер мектептердеги укук бузуулар жана бейбаштык боюнча мыйзамдагы чаралар, тыюу салынган уюмдар, синтетикалык бангизаттар, онлайн мейкиндиктеги жалдоо иш-аракеттери жана экстремисттик иштерге аралашуудан жаштарды коргоо чаралары жөнүндө кеңири маалыматтарды беришти.

Ошону менен катар форумдун катышуучулары билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин зомбулукту же укук бузуулар боюнча фактыларды жаап-жашырбоого чакырышты.

Мындан сырткары иш-чарада Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын артисттери мектеп рэкетчилигин чагылдырган чакан театралдык оюн көрсөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан