22-февралга карата аба ырайы

Эртең, 22-февралда республиканын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 ... +3, күндүз +11 ... +16;

Талас жергесинде түнкүсүн -4 ... +1, күндүз +13 ... +15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1 ... +4, күндүз +13 ... +17;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 ... -8, күндүз +3 ... +8;

Нарын дубанында түнкүсүн -11 ... -16, күндүз +1 ... +6,

Бишкекте түнкүсүн -1 ... +1, күндүз +13 ... +15 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2025-02-21 14:43:00
Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарында күн жакшы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан