2022-жылы Катарда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу кыш айларында өткөрүлөт. Бул тууралуу кечээ, 8-январда ФИФАнын вице-президенти Жером Вальке европалык басылмалар менен курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, жайкысын Катарда Дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө күндүн ысыктыгы жолтоо болот. Андыктан мелдешти өткөрүү 15-ноябрдан кийинки убакытка, кыш айларына пландалышы керек. Бул тууралуу чечимдин бардыгы 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугунан кийин гана чыгарылат.
Эске салсак, буга чейин ФИФАнын президенти Жозепп Блаттер 2022-жылы өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун июнь жана июль айларында өткөрүү мүмкүн эместигин айткан.