Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Муса Кокоев кызматтан алынды

Бүгүн, 21-феврлдапрезидентинин администрациянынын коллегиясынын жүрүшүндө кызматтык милдеттерин так аткара албаган бир катар жетекчилер жоопкерчиликке тартылып, айрымдары кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, коллегияда Кара-Кулжа районундагы ири мыйзам бузуулар жана шалаакылык фактылары айтылды. Акимдин социалдык тармак боюнча орун басары Муса Кокоевдин шалаакылыгы менен мыйзамсыз 37 токтомдор кабыл алынган. Көзөмөлдүн жоктугунан улам, бир катар социалдык программалар мыйзам бузуу менен ишке ашырылган.

Райондо социалдык контракттар боюнча мониторинг жүргүзүлбөгөндүктөн, 11 үй-бүлө негизсиз түрдө мамлекеттик каражат алган. Учурда бул мыйзам бузуулар боюнча Ички иштер бөлүмү териштирүү иштерин баштаганы айтылды.

Кокоев жетектеген социалдык тармактын жооптуу кызматкерлери мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин сыйымдуулугу боюнча анализ жүргүзгөн эмес. Натыйжада, 2023-2024-жылдары мамлекеттик акселератор программасынын алкагында бир да жаңы бала бакча ачылган жок. Жогорудагы негиздер боюнча акимдин орун басары Муса Кокоев коллегиянын жыйынтыгы менен кызматтан алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан